super.kg logo

Дарыгер Дилара Товалдиева боор оорусуна чалдыгып, операция жасатууга муктаж

 

32 жаштагы акушер-гинеколог Дилара Товалдиева боор циррозуна чалдыгып, тез арада операция жасатууга муктаж. Бул тууралуу дарыгер айым SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, Индиядан операция жасатууга 45 миң доллар керектелет. Ага бир тууган иниси донор болот.

"2016-жылы экинчи баламды төрөгөндө боор ооруга чалдыкканымды билдик. Боорумдун 70 пайызы жабыр тартып калыптыр. "Алмаштыруу керек" дешкен. Бирок анализдерим жакшы болгондуктан дары ичип, боордогу жаман нерселер чыгып турушу үчүн убактылуу медициналык түтүкчө коюлган. Ошол менен бала багып, Бишкектеги Май райондук поликлиникада иштеп эле жүргөм. Өткөн жылдын декабрь айында тамакка табитим жоголуп баштады. Ошол күндөрдүн биринде текшерүүдөн өтүп, боор циррозуна өтүшүп кеткенин билдим. Убагында алмаштырбай, акча каражатын чогултуп жүрүп, убакыттан уттуруп, ушунчалык өтүшүп кетти деп ойлойм. Учурда операцияга чоң суммадагы акча керек болгондуктан элге кайрылуу жасадык", - дейт ал.

Дилара Товалдиева пандемия учурунда кызыл зонада иштеп, коронавируска каршы күрөшкөн. Ал эми 2019-жылы кайрымдуулук фондунда ыктыярчы, 2021-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Баткенде кызмат кылган.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

Мбанк: 0709 56 72 11 (Дилара Т)

О! Деньги: 0709 56 72 11

Элкарт (Кыргызстан банк) - 9417 1890 0579 6965






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: