Бишкектен Анталияга авиакаттамдарды көбөйтүү пландалууда
Бишкектен Анталияга авиакаттамдарды көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту билдирет.
Маалымдалгандай, ата мекендик "Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы тарабынан Бишкек – Анталия – Бишкек багыты боюнча кошумча чартердик каттамдардын ачылышы пландалып жатат.
"Чартердик каттамдар Бишкектен Анталияга жумасына 2 жолу – шейшемби жана ишемби күндөрү ишке ашырылат", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин көрсөтүлгөн багыт боюнча жумасына 7 туруктуу каттам аткарылып келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.