super.kg logo

1 жаштагы Наиманын эки бөйрөгүн тең алмаштыруу керек. Атасы коомчулуктан жардам сурады

 

Өнөкөт бөйрөк оорусуна чалдыккан 1 жаштагы Наима Чыңгызбекова бөйрөгүнө операция жасатууга муктаж. Бул тууралуу атасы Чыңгызбек уулу Берен SUPER.KG порталына кайрылганда айтты.

Айтымында, Түркияда Наиманын эки бөйрөгүнө операция жасатууга 18 миң доллар керек. Үй-бүлөнүн чамасы чак келбегендиктен коомчулуктан көмөк суроого мажбур болуп турган чагы.

"Кызым былтыр декабрь айында ооруп калды. Ошондо өнөкөт бөйрөк оорусуна чалдыкканын билдик. Ошондон бери кызымды айыктыруунун жолун издеп жүрөбүз. Азыркы учурда ооруканада жатат. Эки бөйрөгүн тең алмаштыруу зарыл дешти. Түркиядагы операциясына болжолдуу 18 миң доллар керек экен. Донор дагы карап жатабыз. Каражат топтолсо, Анкарага барып операция жасатып келебиз. Үй-бүлөбүздүн чамасы ченелүү болгондуктан элге кайрылууну туура көрдүм" деди Чыңгызбек уулу Берен.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

Мбанк: 0772458359

Элкарт: 9417189005823413

О деньги: 0508201071

Сбербанк: 4817760352677672

Атасынын байланыш номери: 0703222826






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: