Сталбек Алмасбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең өтөт

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Сталбек Алмасбеков эртең, 7-апрелде акыркы сапарга узатылат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 7-апрелде саат 11:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.
Эскерте кетсек, көрүнүктүү опера ырчысы Сталбек Алмасбеков кечээ, 5-апрелде дүйнө салган.
Сталбек Алмасбеков Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайда окуган, ал эми 1979-1983-жылдары Курмангазы атындагы Алмата мамлекеттик консерваториясында музыкалык билим алган. Аталган окууну аяктагандан баштап, азыркы мезгилге чейин Кыргыз улуттук опера жана балет театрында солист-алдыңкы сахна чебери болуп иштеп келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.