super.kg logo

Ырчы Назира Токонова 35 жашка толду. "Өзүмдү 25 жаштагыдай сезем" дейт ал

 

Бүгүн, 7-апрелде ырчы Назира Токонова 35 жашка толду. Ырчы айымдын Орозо айына туш келген өздүк майрамы менен куттуктап ага байланышка чыктык.

"Туулган күнүм сонун маанайда башталды. Биринчи эле жолдошум куттуктап, эртең менен гүл, торт көтөрүп келип калды. Андан кийин чыгармачылыктагы курбуларым куттукташты. 35 жашка чыксам дагы, өзүмдү 25 жаштагыдай эле сезем. Жүрөк жаш да. Мурун "1 жашка карыдым" деп капалана берчүмүн, азыр болсо өз жашымды кабыл алып, ушул жашка жеткениме ыраазы болом. Себеби ар бир курактын өзүнүн гүлдөп турган убагы болот экен.

Буюрса, бүгүн ооз ачуу жана туулган күнүмдү чогуу өткөрүп, "бир ок менен эки коёнду атканы" жатам. Өзүм дагы Орозо кармагандыктан, бүгүнкү конокторго коё турган тамактардын жарымын кечээ эле даярдап койгом", - дейт ал.

Назира Токонова 1988-жылы 7-апрелде Сокулук районунда төрөлгөн. Ырчы айымдын ата-энеси анын чыгармачылыкка аралашуусуна каршы болушкан. Ага карабастан ал Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияга тапшырып, даярдоо курсунда 2 жыл, эл аспаптар факультетинде 5 жыл окуган. Чыгармачылык жолу 2007-жылы башталган.

2013-жылдан тарта Сокулук маданият үйүнүн солисти, билим берүү борборунда студенттерге вокалдан сабак берген.

Ырчы айым 2017-жылы сүйүктүүсү Улан мырзага турмушка чыгып, 2018-жылы 13-июнда Ариет аттуу уулдуу болушкан.

Назира Токонованын репертуарында "Сага", "Сагыныч", "Сүйбө мени", "Суранам" аталышындагы ырлары бар. Андан сырткары ал рэп аткаруучу Добр менен "Жашоо бир келет", Чыңгыз Турдубеков менен "Мезгил учат", Аксай Мукамбет уулу менен "Сүйүп кыйналдым" аттуу чыгармаларды дуэт аткарган.

7-апрелге карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: