super.kg logo

Ырчы Самара Каримова: "Туулган күнүм Орозого туш болбосо, шаан-шөкөт менен өткөрмөкмүн"

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова бүгүн, 10-апрелде 32 жашка толду. Ырчы айымды өздүк майрамы менен куттуктап, ага байланышка чыктык.

"Куттуктоо үчүн чоң рахмат. Туулган күнүм сонун маанайда башталды. Түнкү 12де эле досторум куттуктап, андан ары уланып кетти. Кыргызстандагы гана эмес, башка өлкөлөрдөгү күйөрмандарымдан жана социалдык тармактардан тынбай куттуктоолор келип, ар тараптан, гүл, жумшак оюнчук жана тортторду жөнөтүп жатышат.

Өздүк майрамым эки жылдан бери ыйык Орозо айына туш келип кубандырууда. Ошол себептен жакын дос-туугандардын курчоосунда гана өткөрүүнү чечтик. Башка убакка туш келгенде, шаан-шөкөт менен майрамдамакпыз", - дейт ал.

Самара Каримова 1991-жылы 10-апрелде Лейлек районундагы Өзгөрүш айылында туулган. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин актёрлук бөлүмүндө 2 жыл окуп, турмушка чыккандан кийин Ош шаарына которулган. Ал 2014-жылы Жүмамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына арналган республикалык сынактан баш байгени утуп алган. Таттыбүбү Турсунбаева, Мыскал Өмүрканова атындагы сыйлыктардын лауреаты. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алган.

Белгилүү ырчы айым 2011-жылы Асан Мансуровго турмушка чыккан. Алардын ортолорунда Алихан, Барсбек аттуу уулдары жана Даткайым деген кызы бар.

Белгилей кетсек, Самара Каримова ырчылыктан сырткары өзүн актриса катары сынап, "Илегилек" спектаклинде жана акын Жыпара Исабаеванын "Адашкандар" романынын негизинде тартылган "Акшоола" аталышындагы телесериалда башкы ролду аткарган.

10-апрелге карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: