super.kg logo

Брэд Питт кошунасына хан сарайында өмүр бою бекер жашоого уруксат берген. Себеби

 

Голливуд актёру Брэд Питт кошунасына Лос-Анжелестеги үйүндө бекер жашоого уруксат берген. Бул тууралуу актёрго 29 жыл мурун үйүн саткан актриса Касандра Петтерсон маалымат каражаттарына билдирген.

"Брэд Жонго ага абдан жакшы мамиле жасады. Анын аялы каза болуп калган экен. Ал каза болгонго чейин ижара төлөбөй жашады. Эң кызыгы, ал 105 жашка чейин жашады", - дейт ал.

Актрисанын айтымында, актёр мурунку жубайы актриса Анжелина Жоли жана алты баласы менен чогуу жашаганда кошуналарынын үйлөрүн акырындык менен сатып ала баштаган.

"Анын жер тилкесине жакын 22 үй бар болчу. Улам жаңысы пайда болгон сайын сатып ала берчү",- дейт Кассандра.

Ошол үйлөрдүн бири Питтин кошунасы Жонго таандык болгон. Үйүн сатыкка койгондо актёр аны менен келишим түзгөн. Ага ылайык, актёрдун кошунасы ал үйдө өмүрүнүн аягына чейин ижара төлөбөй жашоого мүмкүнчүлүк алган.

Эске салсак, буга чейин Бред Питт мурунку жубайлары актриса Женнифер Энистон жана Анжелина Жоли менен жашаган Лос-Анжелестеги хан сарайын 39 миллион долларга сатканы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: