Жогорку Кеңеш 11-декабрда “Кыргызгазды” сатуу маселесин карайт
Эртең, 11-декабрда Жогорку Кеңеште “Кыргызгаз” ишканасын Орусиянын “Газпром” компаниясына сатуу маселеси каралат. Бул маселе 27-ноябрда парламент жыйынында каралып, биринчи окууда колдоо тапкан. Анда мыйзам долбооруна 65 депутат "макул", 15 депутат "каршы" деп добуш берген.
Эскерте кетсек, “Кыргызгаз” Орусиянын “Газпром” компаниясына 1 долларга сатылганы жатат. Өкмөт билдиргендей, ишкана сатылса, Кыргызстанга газ үзгүлтүксүз, азыркыдан арзан баада берилип баштайт. Ал эми айрым депутаттар ишкана сатылса кыргыз бийлиги Орусияга көз каранды боло тургандыгын айтышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

