Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларынын 15 томдугу жарык көрдү




Бүгүн, 12-апрелде Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларынын 15 томдук жыйнактар китебинин бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, китеп президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун окумуштуулары тарабынан түзүлүп, редакцияланып, Маданият министрлиги, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын колдоосу менен басылып чыккан.
Чыгармалар топтомуна Түгөлбай Сыдыкбековдун аңгемелери, повесттери, романдары, эскерүүлөрү, публицистикалары камтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.