Бишкекте 9-май күнү "Өлбөс полк" жүрүшү өтөт

Маалымдалгандай, акция эртең менен саат 10:00дө Түштүк дарбазадан ("Жеңиш" паркы) башталат.
"Ардагерлердин портреттери менен, портрет жок болсо жакшы маанайда гүл көтөрүп алып катарга кошулуңуздар", — деди уюштуруучулар.
Ош жана башка шаарлардагы жүрүш боюнча кийинчерээк маалымат берилет. Уюштуруучулар акцияны саясатташтырбоого чакырды.
"Өлбөс полк" - бул саясат жөнүндө эмес. Мында Улуу Ата мекендик согуш жылдарындагы түрдүү улуттагы фронтчулардын эрдиктери эскерилет. Акциянын уставында так ушул нерселер жазылган", - деп билдирди уюштуруучулар.
Алар ошондой эле Улуу жеңишке тиешеси жок желектерди, символдорду колдонбоого чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.