Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде кароосуз калган 3 наристе куткарылды

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде ата-энеси жалгыз калтырып кеткен 3 наристе куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 13-апрелде Бишкектин көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 4 жашар кыз балконго чыгып, жардам сурап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине дароо Бишкек шаардык куткаруу кызматынын кызматкерлери барып, алгач сүйлөшүү жүргүзүү менен кичинекей кызды балкондон үйгө кирүүгө көндүрүшкөн. Андан соң батирдин бекилген эшигин ачып киришип ичинде үч кичинекей 3-5 жашар балдар бар экендиги аныкталган.
Куткаруучулар балдарды апасына өткөрүп беришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.