super.kg logo

Актёр Эркин Эгембердиев 38 жашка толду. "Туулган күнүмдү майрамдабай калганыма көп жыл болду" дейт ал 

 

Бүгүн, 14-апрелде "Дем" театрынын актёру Эркин Эгембердиев 38 жашка толду. Актёр мырзаны өздүк майрамы менен куттуктап байланышканыбызда, ал жакында коюла турчу спектаклге даярданып жатканын билдирди.

"Туулган күнүмдү өткөрбөй калганыма көп жыл болду. Бул күн мен үчүн кадимки күндөрдүн бири. Бүгүн шеринебиз бар. Биздин үй-бүлөбүз өткөрөт, ошол жакка барабыз.

Учурда жакында сахнага коюла турган "Шайтандын соту" аттуу спектаклге даярданып жатабыз", - дейт ал.

Эркин Эгембердиев 1985-жылы 14-апрелде Балыкчы шаарындагы Таш-Сарай айылында туулган. Мектепти бүткөндөн кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине тапшырып, ийгиликтүү аяктаган.

2012-жылы сүйүктүүсү ырчы Диана Чотиевага үйлөнгөн. Ортолорунда Айбийке жана Ыйман аттуу кыздары бар.

"Келинчегимдин кесиби башка, бирок жакшы үнү бар. Анарбек Ибраев өңдүү мыкты музыканттардан сабак алып, үнүн таптаган. Жаңы үйлөнгөн кезде "үй-бүлөбүздү жакшылап түптөп алышыбыз керек" деп ырдатпай койгом. Эми баары өз нугуна түшүп калгандан кийин кайрадан ырдап баштады. Жубайымдын диплому бар, анча-мынча ырчыларга караганда жакшы ырдайт", - дейт жубайы тууралуу.

Актёр Эркин Эгембердиев театрда "Аюу" (Чехов), "Үйлөнүү" (Гоголь), "Абийир кечирбейт" (Абдумомунов) чыгармаларында образ жараткан.

Андан сырткары "Боз салкын", "Белгисиз маршрут", "Сен эмне кылмаксың?", "Мега той", "Курьер", "Ракета" жана башка тасмаларда роль жараткан.

14-апрелге карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: