super.kg logo

Быйыл Кыргызстанга 10 миллион турист келет

 

Быйыл Кыргызстанга 10 миллион турист келет. Бул туурасында бүгүн, 14-апрелде "Ишеним" фракциясынын жыйынында Маданият министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов билдирди.

Маалымдалгандай, былтыркы жылы Дүйнөлүк туристтик уюмдун классификациясы жана өлкөнүн Чек ара кызматынын маалыматы боюнча туристтердин саны 6 миллион 912 миң адамды түзгөн.

"Биз мамлекеттик чек араны кесип өткөндөрдүн саны боюнча Чек ара кызматы бизге берген маалыматты колдонобуз. Мындан тышкары турист ким экенин аныктаган эл аралык стандарттар бар. Мамлекетке барган жана аларды тейлеген мейманканалардын, ресторандардын жана башка объектилердин кызматынан пайдаланган ар кандай адам турист болуп саналат. Мейманканаларда бир түн болуу жетиштүү. Бул маалыматтар боюнча өткөн жылы биздин республикага 6,9 миллион турист келген болсо, быйыл бул көрсөткүчтү 10 миллион адамга жеткирүүнү пландап жатабыз", - деди Шатманов.

Ал 50гө жакын мамлекеттик курорттук-санаториялык мекемелер бар экенине токтолду. Ошол эле учурда аларда пандемиядан кийин дарылоо жана ден соолукту чыңдоо туризми калыбына келтирилгенин айтты. Мындан сырткары Ысык-Көл облусун өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга аракет көрүлүп жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: