Депутат туристтер көп барган жерлерге даараткана куруу керектигин сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Русланбек Жакышов өлкөдө туристтер көп бара турган жайларга намазкана жана даараткана куруу керектигин сунуштады. Ал мындай оюн бүгүн, 14-апрелдеги "Ишеним" парламенттик фракциясынын жыйынында билдирди.
"Акыркы убактарда Кыргызстанга арабдар көп келе башташты. Жайдын күнү Суусамыр, Сары-Челек сыяктуу керемет жерлерибизге барышат. Бирок улуу сөздө уят жок деп коёт, ал аймактарга бара жатканда бир да жерде ажаткана жок. Көпчүлүгү намаз окуй тургандар келет экен. Жолдо намазканалар жок" деди эл өкүлү.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Туризм департаментинин директору Самат Шатманов аталган көйгөй боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Айтымында, Кыргызстан боюнча 68 локацияга рестпоинт курулат.
"Ажатканалар бүгүнкү күндө көйгөйлүү маселе. Бирок былтыр 2021-жылы Туризмди колдоо жана өнүктүрүү боюнча фонду түзүлгөн. Ага жылына 1 миллиард сомдон бөлүнүп жатат. Бүгүнкү күндө 21 рестпоинттин (RestPoint - анда душ, даараткана, намазкана, туризм бөлмөсү, сувенирлерди сатыла турган дүкөн болот) курулушу соңуна чыгайын деп калды. Май айында бүтөт. Аларды жайгаштыруу үчүн Кыргызстан боюнча 68 локация аныкталды. Андан тышкары Ысык-Көлдүн аймагына 5 туристтик тейлөө борборун салууну пландап жатабыз" деп билдирди ал.
