Жалал-Абадда аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди (фото)




Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Таш-Көмүр шаарындагы 50 аз камсыз болгон үй-бүлө мүчөлөрүнө 100 миң сомдук кайтарымсыз каражат алууга сертификаттар тапшырылды.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев жана Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри Азамат Нусупбеков катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.