Нарын шаарында асфальт-бетон заводу курулат




Нарын шаарынын четине асфальт-бетон заводу курулат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, завод Нарын шаарына жана калаанын тегеригиндеги жолдорго төшөлө турган асфальттарга байланыштуу курулат.
Буга чейин ушул жылы Нарын шаары боюнча жалпы 44 көчөгө асфальт төшөлөрү маалымдалган. Быйыл жалпы Нарын облусу боюнча 106 чакырым жолду асфальттоо каралган.
Ошондой эле Нарынга иш сапары менен барган Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Нарын аэропортунун курулуп жаткан жолдорун көрүп, иштин жүрүшү менен таанышканы айтылды.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен өлкө боюнча 5 аэропорттун жолун салууга тапшырма берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.