Камчыбек Ташиев Кеминде ишембиликке катышып, көчөт отургузду





Бүгүн, 15-апрелде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй облусунун Кемин районунун аймагында ишембиликке жана көчөт отургузууга катышты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Кемин районундагы Жаңы-Жол айылында генерал-лейтенант А.К. Бакаев атындагы паркта УКМКнын аскер кызматкерлеринин катышуусунда 300 түп көчөт отургузулуп, андан соң ишембилик өткөрүлдү.
Иш-чарага Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, А.К Бакаевдин жубайы, жакын туугандары жана айыл тургундары катышты. УКМК төрагасынын айтымында көчөт тигүү иштери өлкөнүн башка аймактарында дагы улантылат.
"Атайын кызматтын башчысы бак-дарактарды отургузуу калктуу конуштарды өнүктүрүүгө жана келечектеги урпактарга эң жакшы мурас калтырууга себеп болорун белгиледи. Аны менен катар Ташиев паркка ысымы ыйгарылган генерал-лейтенант Бакаев А.К. эгемендүү Кыргызстандын улуттук коопсуздук органдарынын түптөлүшүнө зор салым кошконун, элдин кызыкчылыгы үчүн жан аябаган жалындуу патриот катары элдин эсинде сакталып кала берээрин кошумчалады.
Өз кезегинде Жаңы-Жол айылынын тургундары жана А.К Бакаевдин үй-бүлө мүчөлөрү бир канча жылдан бери пландалып, бирок ишке ашпай келе жаткан парктты көрктөндүрүү иштерин көзөмөлгө алып, колдоо көрсөткөндүгү үчүн Камчыбек Ташиевке ыраазычылык билдирди", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган саамалык президент Садыр Жапаров демилгелеген "Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында уюштурулган.

