super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстан көз карандысыз сот системи жок өнүгө албайт”

 

10-декабрда президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Соттук реформа боюнча Кеңештин кезектеги отуруму өттү. Отурумда Кеңеш мүчөлөрүнүн бардык сунуштары жана пикирлери эске алынган чечимдер кабыл алынды.

Кеңеш мүчөлөрү  эксперттик топ тарабынан иштелип чыккан, судьялардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзамдардын долбоорлорун колдоого алышты. Тактап айтканда, Кеңеш мүчөлөрү эксперттик топтун  КРнын Судьялар кеңешинин  алдындагы тартип комиссиясын калыптандыруу тууралуу  сунушуна макул болушту. Комиссиянын курамы 9 адамдан  турат, алар судьялар корпусунун, жарандык коомдун, президенттин жана Жогорку Кеңештин талапкерлери болот.

Облустук прокурорлорго, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлоруна судьяларга кылмыш ишин козгоо укугун берүү тууралуу  пикирлер айтылды. Жыйынтыгында компромисстик чечимдин варианты иштелип чыкты. Эми кийинкиге калтырууга болбой турган шарттарда гана башкы прокурор облустук прокурорлорго, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлоруна судьяларга карата кылмыш ишин козгоо укугун ыйгара алат.

Алмазбек Атамбаев жүргүзүлүп жаткан  сот системин реформалоонун маанисин баса белгиледи. “Кыргызстан көз карандысыз, адилет сот системи жок өнүгө албайт. Биринчи кезекте өлкөнүн жарандары сот системиндеги реформалардын жыйынтыктарын сезүүгө тийиш”,- деп билдирди мамлекет башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: