super.kg logo
  Саясат  

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев Оштогу митингчилер менен жолугушту

 
Акыйкатчы Бакыт Аманбаев 7-9-декабрда Ош облусунда иш сапары менен болду. Ош шаарындагы акыйкатчынын басма сөз кызматынын 11-декабрда берген маалыматына ылайык, Бакыт Аманбаев аталган мекеменин Оштогу өкүлчүлүгүнүн 10 ай ичинде аткарган жумушу тууралуу отчётун угуп, аймактагы укук коргоо боюнча иштер күчөтүлүшү керек экенин баса белгилеген. 
Мындан сырткары шаарда Келдибеков менен Мырзакматовду колдоп чыккан митингчилер менен жолугушуп, алардын талаптарын укту. Ошондой эле 2-декабрда нааразычылык акциясында жабыр тарткан милиция кызматкерлери менен жолугуп, тынчтык митинги учурунда калкка кандай мамиле кылуу керектиги тууралуу сүйлөштү. 9-декабрда Ош мамлекеттик университетинин студенттери жана мугалимдери менен жолугушту.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: