super.kg logo

20-апрелде Бишкектин бир катар конуштарында суу өчүрүлөт

 

20-апрелде Бишкектин бир катар конуштарында суу өчүрүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, 20-апрелде саат 9:00дөн 22:00гө чейин "Баш-Кара-Суу" суу топтомундагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Мындан улам, Сарбан айылында, Жал айылында, Жогорку Орок конушунда, Кашкабаш айылында, 105-контур, ЖЭБ-2 конуштарында, Достук, Ак-Ордо конуштарында (Ахунбаев көчөсүнөн түштүк тарабы), Ак-Ордо конушунда (Ахунбаев көчөсүнөн жогору), Ак-Ордо конушунда (Өмүр көчөсүнүн түштүк тарабы) суу берүү токтотулат.

Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: