super.kg logo

"Балам үчүн жашагым келет". Стамбулда ооруканада жаткан Гүлдана Кубатбек кызы жардамга муктаж

 

Ысык-Көл облусунун 26 жаштагы тургуну Кубатбек кызы Гүлдана сөөк чучугунун клеткаларын (костный мозг) алмаштыруу үчүн операцияга муктаж. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына кайрылды.

Ал белгилегендей, бул илдет менен үч жылдан бери күрөшүп келет. Анын операциясы Түркиянын Стамбул шаарында жасалат. Бул үчүн акча каражаты жетишсиз болгондуктан кайрымдуу жарандардан жардам сурайт.

"Кандын рагы менен ооруганыма үч жыл болду. Учурда Стамбул шаарындагы ооруканалардын биринде химиялык терапия алып жатам. Бул жакка 65 миң доллар деп сүйлөшүп келип, кийин анализдерим абдан начар чыгып 90 миң долларга көтөрүлдү. Рак клеткалары көбөйүп, күндөн-күнгө абалым начарлап жатат. Тез арада сөөк чучугунун клеткаларын (костный мозг) алмаштыруу керек экенин айтышты.

Донор бир тууган эжем болот. Бирок операцияга акча каражаты жетпей жатат. Үч жашар балам бар, ал үчүн жашагым келет", - деди Гүлдана.

Ошондой эле ал учурда 30 миң доллар төлөгөндүгүн, дагы 60 миң доллар жетпей жатканын билдирди.

Гүлдананын өмүрүнө кайдыгер карабаган жарандар төмөнкү эсеп номурлары аркылуу жардам бере алат.

ЭЛСОМ - 0707571995

МБАНК - 0707571995

СБЕРБАНК - 2202206175205298

Виза - 4177490156752620






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: