super.kg logo

Чыңгыз Мамаев: "Кыргыз элимди ушунчалык сагындым"

 

Үй камагына чыккан актёр Чыгыз Мамаев SUPER.KG порталына маек курду.

Маегинде актёр бул ишке эч кандай тиешеси жок экенин белгилеп, адам түз басып бара жатып эле чалынышы мүмкүн экенин түшүнгөнүн бидирди.

"Жолуккан кандай жакшы, жолуксак кандай жакшы" деген ыр бар го. Ошол сыңары Кыргыз элимди ал жакта жатканда ушунчалык сагындым. Элди сагынуу, Кыргызстанда туруп эле Кыргыздын жерин сагындым. Ал жерде жатып көп нерсенин баркын билет экенсиң. Мындай нерсени мен эч качан күткөн эмесмин. Бул менин тагдырымдагы чукул бурулуш болду.

Түз басып бара жатып деле чалынышың мүмкүн экен. Аллахтын мага берген бир сыноосу болдубу деп дагы ойлодум. Эмне үчүн мен деп дагы ойлодум", - деди Мамаев.

Ошондой эле Мамаев сот иштери бүтө электигин, бүткөндөн кийин окуяны толук айтып берерин кошумчалады.

Эске салсак, Чыңгыз Мамаев 2022-жылдын апрель айында зордуктоого шектелип кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин ("Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети") негизинде иш козголгон.

Ушул жылдын 11-январында актёр үй камагына чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: