Таласта айыл имамына үй салып беришти (фото)







Демөөрчүнүн демилгеси менен Таластын Көк-Кашат айылынын имамы Бакыт Сатыбалдиевге жаңы, заманбап турак-жай салынып берилди. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Үйдү тапшыруу аземине Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек Узеналиев, айыл аксакалдары жана демөөрчү Сүйүнбай Шекербеков үй-бүлөсү менен катышкан.
Облус казысы Көк-Кашат айылынын имамына колдоо көргөзүп, турак-жай салып бергени үчүн демөөрчүгө ырахмат айтып, казыяттын атынан ыраазычылык кат тапшырды.
"Агабыздын жасаган бул жакшылыгы бардык мыктыларга үлгү, себеби берекелүү ыйык Орозо айында имамды үй-бүлөсү менен кубантып, үй белек кылып жатат. Бул белек имамга дем-күч берип, мындан ары да эл үчүн мыкты кызмат кылышына шарт түзөт. Негизи эле имамдар күн-түн дебей эл кызматында. Айлык маянасы жок иштешет, андыктан биздин имамдарга ар дайым ар тараптуу колдоо керек. Жараткан бул жакшылыктын сыйлыгын бейиште чоң-чоң сарайлар менен кайтарат деп ишенебиз", – деди облус казысы.
Ал эми айыл имамына үй белек кылган демөөрчү Сүйүнбай Шекербеков: "Кудайга шүгүр, мечиттерибиз заманбап, ар бир айылда эки-үчтөн мечиттерибиз бар. Эми мечитти иштетип, эл кызматын кылган имамдарга көңүл буруп, алардын жашоо шарттарын жакшырта турган мезгил келди", – деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.