super.kg logo

Кандын рагына кабылган 7 жаштагы Алияна Жумагулова тез арада операцияга муктаж

 

Нарын облусунун 7 жаштагы тургуну Алияна Жумагулова курч лимфобласттык кандын рагына кабылып, тез арада жилик чучугун алмаштырууга муктаж. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кыздын эжеси Майрам Жакыпова билдирди.

"Алияна 5 жашында кандын рагына кабылып бир жыл дарылангандан кийин айыгып кеткен эле. Бирок быйыл дагы ооруп, кайрадан ооруканага жатып калды. Дарыгерлер 12-апрелде курч лимфобласттык кандын рагы деген диагноз коюп, 2 ай гана убактыңар бар дешти. Ушул убакыт ичинде 130 миң доллар топтоп, Индия же Түркиядан операция жасатпасак инимдин кызын жоготуп алуу коркунучунда турабыз.

Алиянанын 3 жана 1 жарым жаштагы эки сиңдиси бар. Экөөнүн бирөөсү ага донор болуп беришет", - дейт ал.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

Мбанк: 0500 11 25 89 (Бекен атасы)

Мбанк: 0707 19 06 81 (Раушан таежеси)

О! Деньги: 0500 11 25 89 (Бекен атасы)

О! Деньги: 0708 11 25 89 (Нурайым апасы)

Элкарт: 9417 0194 4931 6858 (Жумагул уулу Бекен)






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: