Бишкектеги №1 мектеп-гимназиясындагы митингден кийин бардык мугалимдер жумушунан алынды
17-апрелдеги жаңжалдан кийин Бишкектеги А.Каниметов атындагы №1 мектеп-интернатынын мугалимдери толугу менен жумуштан бошотулду. Бул тууралуу GovoriTV телеканалына вице-премьер-министр Эдил Байсалов билдирди.
"Кандай болгон күндө дагы мектепти, өзгөчө окуучуларыбызды кандайдыр бир арзан куралга айлантууга жол бербейбиз. Ошондуктан ал мектептин мугалимдери 100 пайыз жумушунан бошотулду. Биз мурун ал мугалимдерди башка-башка мектептерге бөлүштүрүп, жумуш менен камсыз кылалы деп ойлонуп жатканбыз. Бирок бул өзгөчө абал", - деди Байсалов.
Ошондой эле ал мектеп каларын, балдарды башка мугалимдер жамааты окута турганын баса белгиледи.
Эске салсак, 17-апрелде №1 мектеп-гимназиясында жаңжалы чыккан. Тагыраагы ошол күнү окуу процесси үзгүлтүккө учурап, окуучулар сабактын ордуна плакаттарды көтөрүп короого чыгышкан. Мугалимдердин айтымында, алар интернаттын башка мекемеге кошулуп жатканына нааразы болушкан.
