Белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин дүйнө салганына 3 жыл болду
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ак таңдай акын, обончу Элмирбек Иманалиевдин көзү өткөнүнө үч жылдын жүзү болду. Ал 2020-жылы 20-апрель күнү 42 жашында каза болгон.
Залкар акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Мектепти бүткөндөн кийин Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияда, андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүн аяктаган.
Элмирбек Иманалиев 6-класста окуп жүргөн кезинде эле колуна комуз алып, калың элдин алдына ырдап чыккан. Элмирбектин таланты тууралуу кабар белгилүү төкмө акын Тууганбай Абдиевге жетип, жаш өнөрпозду борборго алдырган.

Анын эмгек жолу "Сейтек" борборунда башталып, Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген.
Төкмө акындардын мектебине айланган республикалык "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана аталган фонддо 5 жыл төрагалык кызмат аткарган.
Ырчы, обончу катары "Булбулум", "Аруузатым", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Коштошуу вальсы", "Мунарым", "Балкыма", "Билесиңби?" аттуу чыгармалары менен белгилүү.

Элмирбек Иманалиев 1993-жылдан бери бир канча ирет айтыш боюнча республикалык жана эл аралык фестивалдардын баш байге ээси. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алган.

Ак таңдай акын 1995-жылы маркум ырчы Гүлбү Ороскул кызы менен баш кошуп, тилекке каршы 15 жыл чогуу түтүн булаткан кийин жубайлар эки ажырым жолго түшкөн. Ортолорунда Айзуура жана Сезим аттуу кыздары бар.

Ал эми 2009-жылы акын Нурзат Абдрашитова менен турмуш жолун улантып, алар 3 уул, 1 кыздуу болушкан.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.