super.kg logo

Өлкөдө бир аптада орун алган кадрдык өзгөрүүлөр

 

Кыргызстанда бир апта аралыгында бир нече кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Алсак, аптанын башы, тагырагы 17-апрелде президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун акими Жанысак Сатыбалдиевди кызматтан алды. Ал аталган кызматка 2021-жылдын май айында келген.

20-апрелде президенттин администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Бекбосун Апсатаров ээлеген кызматынан бошотулду. Белгилей кетсек, Апсатаров 2022-жылдын 6-сентябрынан бери аталган кызматты аркалап келген.

Ошол эле күнү өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, президенттин администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп Нурлан Сулайманкулов дайындалды.

Ал эми президенттин администрациясынын, президенттин жана министрлер мабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги болуп Азамат Осмонов дайындалды. Тийиштүү жарлыкка 20-апрелде президент Садыр Жапаров кол койгон.

Мындан тышкары өлкөдө бир катар судьялар мөөнөтүнөн мурда кызматтарынан бошотулду. Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялары дайындалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: