Өлкөдө сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталды

Өлкөдө сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Бишкек шаарында 1, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Талас облусунда 1, Чүй облусунда 2 өрт кырсыгы катталган", - деп айтылат маалыматта.
Маалымдалгандай, Ош облусунун Өзгөн районундагы Адыр айылында жалпы аянты 99 чарчы метр сарай толугу менен 100 килограмм жүгөрү бакалы күйгөн.
Ал эми Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Арал айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган эки кабаттуу сарайдын 65 чарчы метри жана 100 даана түк чөп күйгөн.
Өрттүн себептери такталып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.