super.kg logo
  Саясат  

Тышкы иштер министри АКШ мамкатчысынын жардамчысын кабыл алды 

 

Бүгүн, 24-апрелде Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Борбордук жана Түштүк Азия иштери боюнча жардамчысы Дональд Луини регионго жасаган сапарынын алкагында кабыл алды.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн негизги маселелерин жана келечегин, анын ичинде коопсуздук, жашыл экономика, ошондой эле С5+1 механизминин алкагында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Кулубаев кыргыз тарап ар дайым өз ара кызыкчылыктарды эске алуу жана мамлекеттер ортосундагы кызматташууну жактай турганын белгиледи.

Америкалык тарап өлкөдөгү демократиялык институттарды жана жарандык коомду чыңдоого көмөк көрсөтүүгө ниетин ырастаган. Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар кызматташуу боюнча диалогду улантууга ниеттерин ырасташты.

Дональд Лу Американын Кыргызстандагы элчиси катары 2018-жылдын сентябрь айынан тарта 2021-жылдын апрель айына чейин иштеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: