super.kg logo

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы Карим Масимов 18 жылга соттолду

 
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимовго өкүм чыгып, сот аны 18 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жазды.
Андагы маалыматка караганда, сот аны "Мамлекетке чыккынчылык кылуу", "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен күнөөлүү деп тапты.
Масимовдун мүлкү конфискацияланып, өмүрүнүн аягына чейин мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылды.
Ошондой эле анын орун басарлары - Ануар Садыкулов 16 жылга, Даулет Ергожин 15 жылга эркинен ажыраса, Марат Осипов 3 жылга кесилди.
Сот чечими чыккан төртөө тең генералдык наамдарынан жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган. Мындан сырткары мамлекеттин пайдасына 10 миллиард теңге жана 24 миллион доллардан ашык каражатты өндүрүү каралган.
Масимов 2022-жылы Казакстандагы кандуу январь окуясында кызматтан алынып, 6-январда камалган. Бул иш боюнча анын жогоруда аталган үч орун басары камалган. Ал эми биринчи орун басары, экс-президент Назарбаевдин инисинин баласы Самат Абиш да кызматтан алынган, бирок ага айып тагылган эмес.
57 жаштагы Карим Масимов Казакстандын өкмөтүн 2007-2012-жылдары жана 2014-2016-жылдары эки ирет башкарган, 2016-жылдан бери коңшу өлкөнүн атайын кызматын жетектеп келген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: