super.kg logo
  Саясат  

Парламентте бомба боюнча жалган маалымат тараткандарга жазаны күчөтүү сунушталды

 

Жардыруучу зат боюнча жалган маалымат тараткандарга жазаны күчөтүү зарыл. Бул тууралуу эл өкүлү Сүйүнбек Өмүрзаков Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында билдирди.

Депутат билдиргендей, акыркы учурларда Бишкек шаарында жардыруучу зат бар деген жалган маалыматтар көп таркаталып жатат.

"Бул мамлекетке канча миллиондогон зыян алып келип, окуу процесстери үзгүлтүккө учурап жатат. Ошондой эле канчалаган жарандар оор моралдык зыйынга кириптер болууда. Бул боюнча өкмөттүк деңгээлде натыйжалуу иш-чара өткөрүш керек. Керек болсо мыйзамды күчөтүү зарыл. Азыркы мыйзам боюнча буга Кылмыш-жазык кодексинин 59-беренесинде жоопкерчилик көрсөтүлгөн. Анда 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин же 5 жылга эркинен ажыратуу каралган. Ал эми 1997-жылдагы мыйзамга ылайык, 1 миллион сомдон 2,5 миллион сомго чейин айып пул же 5 жылдан 8 жылга чейин жоопкерчилик каралган", - деп билдирди ал.

Ошондой эле депутат президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмаз Абытовго кайрылып, жардыруучу зат боюнча жалган маалымат тараткандарга жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: