Чех эксперттери таштанды полигонундагы өрттү өчүрүү боюнча сунуштарды айтышты
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров HDT Impex s.r.o. жана ReGreen s.r.o. компаниялар консорциумунун чех эксперттери менен жолугушту.
Мэриядагы жыйында эксперттер таштанды таштоочу жайдагы өрттү өчүрүү жана жаңы полигонду ачууга чейинки иш-аракеттердин ырааттуулугу боюнча сунуштарын айтышты.
"Жаңы полигон ачылганга чейин өрттү толугу менен өчүрүү, жаңы очоктордун алдын алуу, полигондогу калдыктарды эсепке алуу системасын өзгөртүү, таштандыларды полигонго ташып келүүчү жерди өзгөртүү жана таштандыларды башкаруу системасын өзгөртүү сунушталууда" дешти мекемеден.
Эске салсак, эксперттер мэрдин орун басары менен бирге полигонго барып, учурдагы абалга баа беришкен. Ошондой эле таштандыдан чыккан өрттөрдү өчүрүү маселесин жеринде чечүү каралган.
