Депутаттар “Кыргызгазды” сатуу боюнча түзүлгөн келишимдин аталышын сынга алышты
ЖКнын 11-декабрдагы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев “Кыргызгазды” сатуу боюнча түзүлгөн келишимдин аталышын сындады. “Бул жерде “табигый газды жеткирүү жана бөлүштүрүү” деп жазылып турат. Инвестиция тууралуу эч кандай сөз жок. Айтып коёюн, Орусия бизге инвестиция салбайт, жөн гана өзүнүн компаниясын иштеткени жатат. Жөн эле жардам бербейт алар”,- деди депутат.
Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев келишимдин аталышында жазылбаганы менен, тармакты инвестициялоо иш жүзүндө аткарыла турганын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

