super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев "көмүскө экономикадан арылуу үчүн салыктарды жойдук" дейт

 

Бишкекте бүгүн, 11-декабрда “Инвестициялык жеңилдиктер. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тажрыйбалары” аттуу конференция өтүп жатат. Анда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев “көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу үчүн жеңил өнөр жай тармагындагы салыктар жоюлду” деп билдирди.

“Айыл чарба Кыргызстандын экономикасынын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Калкыбыздын жарымы айыл жергесинде жашайт жана жардылыктын деңгээли жогору. Өткөн жылы дыйкандарды алган кирешеси боюнча салык төлөөдөн бошоттук. Эркин экономикалык аймактар да салыктан бошотулуп, алардын продукциялары экспортко багытталган. Жеңил өнөр жайда иштегендер үчүн да бир катар жеңилдиктер берилди. Бул көмүскөдөгү секторлорду ачыкка алып чыгуу үчүн жасалууда. Натыйжада 5-7 жыл аралыгында тигүүчүлүк тармагында 300 миң адам иштегени белгилүү болду. Бул жумушка жарамдуу калктын 15 пайызы”,- деди Оторбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: