super.kg logo
  Саясат  

Мыктыбек Абдылдаев Бишкектеги “Газпром” май куюучу жайларында Орусиянын желегинин желбиреп турушуна нааразы

 

“Бишкекте “Газпром” май куюучу жайларында Кыргызстандын мамлекеттик желеги менен кошо Орусиянын желеги желбиреп турат. Эгемен өлкөдө мындай көрүнүштүн болушу туурабы? Муну текшерүү зарыл”,- деди депутат Мыктыбек Абдылдаев ЖКнын 11-декабрдагы жыйынында. Айтымында, Бишкектин көчөлөрүндөгү көрнөк-жарнактарды тартипке  салбаса болбой калды.   

“Кыргызгаз” сатылса “Газпром” келип азыркы “Кыргызгаздын” имаратында отурабы?” деп сурады аталган мекеменин башчысынан. Тургунбек Кулмурзаев “Анан көчөдө калышмак беле? “Кыргызгаздын” имаратына жайгашат”,- деп жооп берди. 

“Бишкекте "Пекин", "Шанхай", "Анкара", "Сеул" деген кафе, дүкөндөр жайнап кетти. Мындай темп менен кетсек, жакында Бишкектен кыргызча аталыш таппай калабыз. Керек болсо андай жазуулар биздеги бир дагы министрликте жок. Тышкы иштер министрлиги менен Улуттук тил комиссиясы буга чара көрүшү керек. Эртең “Газпром” келсе, ага катуу талаптарды коюшубуз зарыл”,- деди Абдылдаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: