super.kg logo

Пластикалык операциядан каражат аябаган ырчы Филипп Киркоров 56 жашка чыкты

 

Белгилүү Советтик жана орусиялык ырчы Филипп Киркоров кечээ, 30-апрелде 56 жашка чыкты. Ырчы мырза 1967-жылы Болгариянын Варна шаарында теги армян болгон болгар ырчысы Бедрос Киркоровдун үй-бүлөсүндө туулган.

Акыркы жылдары имиджин өзгөртүп, дайыма шоу-бизнесте хайп жаратып келген ырчы мырза өздүк майрамында Кремлдин сахнасында концерт берген. Бул ырчынын апта ичинде берип жаткан төртүнчү концерти.

Филипп Киркоровдун айтымында, анын майрамдык таңы Орусиянын президентинин куттуктоо жазылган каты менен башталган. Андан соң өлкөнүн премьер-министри менен Беларустун президентинен куттуктоо алган. Ал туулган күнүндө ушундай адамдардан жакшы каалоо-тилектерди алганына кубанычта экенин айткан.

"Куттуктоо алуу абдан жагымдуу болду. Мен башка өлкөдө туулуп-өстүм, ошондуктан мен үчүн кесиптештеримдин жана башка республикалардын өкүлдөрүнүн таануусу, сүйүүсү жана Эл артисти наамы маанилүү", - дейт ал.

Концертке ырчы мырзанын күйөрмандары гана эмес, достору дагы келишти. Вип-залда Сергей Лазарев, Надежда Бабкина, Наташа Королёва уулу менен, Ольга Бузова, Тимур Батрутдинов, Полина Гагарина, Лариса Долина жана башкалар отурушкан.

Концерттен кийин Филипп Киркоров туулган күндүк кечени улантуу үчүн 500гө жакын конокту The Ritz-Carlton мейманканасына чакырган.

Ырчы мырза кечеге келген конокторго гардеробундагы эң мыкты 55 образын көрсөткөн. Анын айтымында, Balmain, Louis Vuitton, Dolce&Gabbana брендинен алынган кийимдерин подиумда көрсөтө турган моделдерди өзү тандап алган.

Кеченин кульминациясы Филипп Киркоровдун жакшы көргөн ырчысы JONY`нин аткаруусундагы ырлар болду өңдөнөт. Туулган күн ээси алдыңкы катарда анын аткаруусун угуп, андан кийин алар чогуу "Комета" чыгармасын аткарышкан.

Белгилей кетсек, Филипп Киркоров жашоосун сахнасыз элестете албайт, дал ушул себептен көрүүчүлөрдүн көз алдында жагымдуу болуу үчүн бир топ пластикалык операция башынан өткөргөн. Ал ашыкча майларын алдырып (липосакция), бетин тарттырып, жамбашын дагы чоңойткон. Сулуулук эксперттеринин айтымында, Филипп Киркоров пластикалык операцияларга ири суммадагы каражат коротуп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: