super.kg logo

"Топтолгон эл кармап...". Анкарада кыргызстандык ит зордуктоого шектелүүдө

 

Түркиянын Анкара шаарында 37 жаштагы З.Ш. аттуу жаран итти зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, окуя Анкаранын Малтеп кичи районунда болгон. Анда жергиликтүү тургундар шектүү киши жолбун итти өзү иштеген наабайканага күч менен сүйрөп киргенин байкашкан. Бул убакта наабайкана жабык болчу.

Аны көргөндөн кийин көптөгөн адамдар наабайканага чогулуп, эшикти такылдатышкан. Аны уккандан кийин шектүү жаран качып кеткен.

Кийинчерээк шектүү жаран кармалып, полицияга өткөрүлгөн. Ал эми итти ветеринарга алып барышканда көтөн чучугуна зыян келтиргени аныкталган.

Баш коргоо чарасы сотто каралып жатканда шектүү жаран күнөөнү моюнуна алган эмес. Ал итке тамак берүү үчүн күч менен наабайканага сүйрөп киргенин айткан.

Учурда ветеринарлар итти дарылап жатышат. Бул ишке шектүү жаран айып пул төлөп, өлкөдөн депортацияланышы мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.05.2023. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз паспортун алган дагы "бир мусулман бир тууганыбыз"
02.05.2023. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол үчүн паспортто улуту сөзсүз жазылышы керек, кыргыз набайчылык кыла албайт!
02.05.2023. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ката жазасынарго, кыргызстандык жаран десенер , кыргызстандык ит зордуктаптыр деп тушунупмун темасынан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: