Govori .TV агенттигинин журналистин соттун имаратынан сүйрөп чыгарып салышты (видео)
Бүгүн, 2-майда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын баш коргоо чарасы каралууда.
Соттук жараян башталардын алдында сот кызматкерлери Govori .TV агенттигинин журналисти Гүлназ Мидин кызын күчтөп сот имаратынан чыгарып салышты.
Анын айтымында, сот отуруму баштала электе эле кызматкерлер келип, сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салышкан.
"Видео же сүрөткө тартып баштаган эмесмин. Себеби отурум али баштала элек болчу. Сот кызматкерлери келип, сот имаратынын ичинен тартууга болбойт деп, эч себепсиз эле эшикке сүйрөп, күч менен чыгарып салышты", - деди ал.
Журналист өзүнө карата күч колдонуу менен Бишкек шаардык сотунун имаратынан сүйрөп чыгарып салган сот кызматкерлерине чара көрүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазганы маалым болду.
Ал арызды Бишкектин Биринчи май РИИБине жазып, окуя учурунда тартылган видеону арызга тиркеген.
Govori .TV агенттигинин журналисттин соттун имаратынан сүйрөп чыгарып салышты