super.kg logo

Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу курулуп жаткан батирлердин курулушу менен таанышты

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу курулуп жаткан көп кабаттуу батирлердин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, анда өкмөт башчы мурдагы № 47 түзөтүү колониясынын аймагындагы турак жай кичи районунун курулушу менен таанышты.

Таанышуу учурунда Акылбек Жапаров кыргызстандыктарды турак жай менен камсыз кылуу Министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

“Президент айткандай, мектеп курулбаган жерге түрмө салууга туура келет. Өлкөбүз өнүгүү жолуна ишенимдүү кадам таштады, мектептер, жолдор, бүтүндөй кичи райондор курулуп жатат. “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында 50 миңден ашуун үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылуу пландалууда. Президент бул милдетти алдыбызга койду”, – деди өкмөт башчы.

Ошондой эле ал жаңы турак жайларды курууда табигый мүнөздөгү тобокелдиктерди эске алуу менен курулуш нормаларын сактоо керектигин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: