super.kg logo

Ала-Букада чек арадан мыйзамсыз мал алып өтүү аракетине бөгөт коюлду

 

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы чек арада мыйзамсыз мал алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашат.

Маалым болгондой, бүгүн, 5-майда Аксы районунун Сары-Булак тилкесинен 22 баш буканы Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз айдап бара жаткан Сөгөт айылынын тургуну 1990-жылы туулган Б.А. кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган малдын баасы 1 миллион 500 миң сомдон ашкан. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин жаран жана бодо мал кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: