super.kg logo

Норвегиялык аял тоого бат чыгуу боюнча рекорд койду

 

Норвегиялык альпинист Кристин Харила тоого бат чыгуу боюнча рекорд койду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмаларда жазылды.

"The Kanmandu Post" басылмасынын маалыматына караганда, ал мындай көрсөткүчкө жетүү үчүн Гималайдагы Чо Ою чокусуна чыкты.

Харила "бийиктиги 8 миң метрди ашкан тоолорго эң ылдам чыккан аял" деп табылган.

"Харила бир жылдын ичинде 8000 метрден жогору 14 чокуга тең чыгып, испаниялык альпинисттин 8 жыл 3 айлык рекордун жаңылады.

26-апрелде Кытайдын Тибет автономиялуу аймагындагы 14-эң бийик тоо болгон Шишапангма тоосуна чыккандан кийин бир жума өтүп дүйнөдөгү алтынчы эң бийик Гималайдагы Чо Ою чокусуна чыккан.

Экспедицияны жетектеген непалдык Seven Summit Treks компаниясы 3-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:35те чокуга чыккандыгын тастыктаган.

Хариланын айтымында, жаңы долбоор боюнча тез убакыттын ичинде 14 чокуга чыгуу максаты болгон" деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2022-жылы Харила 12 чокуга чыгып, Лхоцеге 12 саатка жетпеген убакытта чыгып ”тоого эң ылдам чыккан аял” болуп дүйнөлүк рекорду жаңылаган.

Бирок каалаган эки тоого чыгууга уруксат берүү өтүнүчү Кытай бийлиги тарабынан четке кагылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: