super.kg logo
  Саясат  

Владимир Путин Садыр Жапаровду куттуктады

 

Орусия президенти Владимир Путин өлкө башчы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

"Сизди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Орусияда жана Кыргызстанда согуш талааларында баскынчыларга каршы тайманбастык менен салгылашкан аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын даңктуу эрдиктери жана курмандыктары, ооруктагы талыкпаган эмгектери жөнүндөгү эскерүүлөр ыйык тутулат.

Улуу Жеңиштин жалпы руханий мурасы бүгүнкү күндө мамлекеттерибиздин ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү үчүн ишенимдүү негиз бойдон калып жатканы маанилүү", - деп айтылат Орусия президентинин куттуктоосунда.

Владимир Путин өлкөдө жашап жаткан Улуу Ата Мекендик согуштун бардык ардагерлерине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорун жана терең ыраазычылык сөздөрүн айтып, аларга чың ден соолук, жакшы маанай жана узун өмүр каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: