super.kg logo
  Саясат  

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду жана кыргыз элин куттуктады

 

Коңшу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкө башчы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата менин жылуу куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз.

Бул күнү биз ата-бабаларыбыздын улуу эрдигин, патриоттугун жана баатырдыгын даңазалайбыз, согуш талаасында жана оорукта көптөн күткөн Жеңиш күнүн теңдешсиз эрдиги жана кайраттуулугу менен жакындаткандардын элесин терең ыраазычылык менен баалайбыз.

Убакыт сыноосунан өткөн тажик-кыргыз достук жана көп кырдуу кызматташтык мамилелери мындан ары да элдерибиздин жана өлкөлөрүбүздүн жыргалчылыгы үчүн ырааттуу өнүгө берерине ишенем", - деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоосунда.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми дос Кыргызстан элине – бейпил асман, бейпилдик жана туруктуу гүлдөп-өнүгүү каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: