super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Москвага учуп кетти. Президентти коштоп кеткендердин тизмеси

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда расмий сапары менен Москвага учуп кетти.

Президенттин администрациясынан билдиришкендей, сапардын жүрүшүндө Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр күтүлүүдө.

Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Ошондой эле расмий сапардын алкагында Садыр Жапаровдун башка расмий адамдар менен жолугушуусу пландалган.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы 9-майда ардактуу конок катары Москвадагы Жеңиш парадына барат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

Адылбек Касымалиев – Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;

Жээнбек Кулубаев – тышкы иштер министри;

Муратбек Азымбакиев – Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Марат Иманкулов - Коопсуздук кеңешинин катчысы;

Гульнара-Клара Самат - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;

Улан Ниязбеков - ички иштер министри;

Аскарбек Жаныбеков - айыл чарба министри;

Тилек Текебаев - транспорт жана коммуникациялар министри;

Данияр Амангелдиев - экономика жана коммерция министри;

Кудайберген Базарбаев - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;

Таалайбек Ибраев - энергетика министри;

Нурдан Орунтаев - Бишкек шаарынын вице-мэри.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: