super.kg logo
  Саясат  

Ош. Шаарда ар ишемби күндөрү ишембиликтер өткөрүлүүдө

 

Ош шаардык мэриясынын чарба, транспорт жана коммуникация бөлүмү шаарды көрктөндүрүү жана  жашылдандыруу мекемеси менен биргеликте жуманын ар ишемби күндөрү Ош шаарынын аймагында ишембилик өткөрүүдө. Ишембиликке көп кабаттуу үйлөрдүн, көчөлөрдүн  жана аймактык кеңештин  жашоочулары катышууда. 

Ош шаардык “Тазалык” муниципалдык мекемесинин башчысы Искендер Жороев “Ноябрь айында  жумуш оор болду. Анткени чыгарылган таштандыларды жыйноого жана дарактардан түшкөн жалбырактарды алууда күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, болгон техникаларды жана жумушчу күчтөрдү колдондук. Учурда жумуш кадимки тартипте уланууда” деп кошумчалады. 

Ошондой эле Ош шаардык “Тазалык” муниципалдык мекемеси дүкөндөрдүн, кафе-ресторандардын, сулуулук салондорунун ээлери менен таштандыларды жолдун боюна эмес, атайын контейнерлерге таштоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, зым карагайларга чапталган уруксатсыз жарнамалардын санын кыскартуу боюнча иш алып барышууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы 11-декабрда билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: