super.kg logo
  Саясат  

Өзбекстан президенти Жапаровду жана Кыргыз элин Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады

 

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзийоев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

“Бул дата биздин мамлекеттерибиздин тарыхына бир тууган өзбек жана кыргыз элдери жалпы душманга каршы денеси жана жаны менен да баатырларча күрөшкөн согуштагы даңктуу жеңиш катары алтын тамгалар менен жазылган.

Адамзатка тынчтык, бейпилдик сыяктуу баа жеткис жакшылыктарды тартуулаган ардагерлерибизге, ата-бабаларыбызга жагымдуу шарттарды түзүп берүү бүгүнкү муундар үчүн боорукердик жана урмат көрсөтүү бир эле учурда милдет дагы, парз дагы”, - деп айтылат куттуктоодо.

Өзбекстан президенти ошондой эле Өзбекстан менен Кыргызстандын элдеринин ортосундагы көп жылдык достук жана ынак коңшулук мамилелерге негизделген эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк биргелешкен күч-аракеттер менен мындан ары да ырааттуу өнүгө берерине ишенимин билдирди.

Шавкат Мирзийоев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, жооптуу мамлекеттик ишмердигинде чоң ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: