super.kg logo

Президент банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-майда банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришет.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:

"Урматтуу банк кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Быйыл улуттук валютабыздын – кыргыз сомунун колдонууга киргизилишинин 30 жылдыгы белгиленүүдө. 1993-жылы советтик мезгилден кийинки өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан биринчилерден болуп улуттук валютаны жүгүртүүгө чыгарып, өз алдынча акча-кредиттик саясат жүргүзүүгө өткөн.

Улуттук валютаны киргизүү эгемендүү Кыргызстандын тарыхында маанилүү роль ойногон, улуттук төлөм жана банк тутумдарынын калыптанышына жана өнүгүшүнө негиз болгон.

Банк секторунун кызматкерлеринин ишине жасаган ак ниет жана кесипкөй мамилеси, алдыга коюлган максаттарга умтула билүүсү, ишке болгон жоопкерчилиги жана күчтүү жарандык аң-сезиминин аркасында өлкөбүздүн банк системасы жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, ата мекендик каржы рыногун гана эмес, бүтүндөй өлкө экономикасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүп келе жатат.

Ал эми учурдун талабын жана глобалдуу тенденцияларды эске ала турган болсок, банк тутумунун алдында инновациялык банктык өнүмдөрдү жана технологияларды киргизүү, банктык кызматтардын сапатын жакшыртуу жана аны калк арасында кеңири жайылтуу, туруктуу каржылоо принциптерин киргизүү, киберкоопсуздукту жогорулатуу милдеттери турат.

Биргелешкен аракет, ак кызмат жана мекенчилдик сезим менен жарандардын каржылык бакубаттуулугун, мамлекеттин финансылык туруктуулугун чыңдоо боюнча алдыга коюлган негизги максаттарыбыз ишке ашарына бекем ишенем.

Урматтуу банк чөйрөсүнүн кызматкерлери!

Сиздерге бекем ден соолук, кажыбас кайрат, үй-бүлөлүк бакыт каалайм! Жоопкерчиликтүү ишиңиздерди ар дайым ийгиликтер коштосун!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: