super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш Курултай жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окуудан өткөрдү

 
Бүгүн, 10-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Элдик Курултай жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.
Аталган мыйзам долбоору президенттин мыйзам чыгаруу демилгесинин алкагында Конституциянын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Жыйындын жүрүшүндө мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун төрагасы, депутат Жанар Акаев жасалган иштер боюнча маалымат берип, 22 берене 15ке кыскартылганын кошумчалады.

Талкуу маалында Тазабек Икрамов Курултайдын мүчөлөрү жылына бир жолу эле чогулуп, көйгөйлөрдү көтөрүп, сунуштары менен бөлүшүп турушу керектигин айтып, кайра-кайра жыйын өткөрүүгө зарылчылык жок экенин белгиледи.

Ал эми Эльвира Сурабалдиева Курултай бийликтин кайсы бутагына кирерине кызыкты. Өз кезегинде мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Чолпонбек Абыкеев Курултай бийликтин үч бутагынын бирөөсүнө да кирбей тургандыгын жана өзүнчө бийлик бутагы катары да эсептелбестигин маалымдады.

Ошондой эле Мирлан Самыйкожо акыркы Курултайда көтөрүлгөн маселелердин канчасы чечилип, канчасы аткарылгандыгын анализдеген материалды кийинки жыйынга алып келип тааныштырууну талап кылды.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, концепциясы жактырылды.

Эске салсак, аталган мыйзам долбоору 15-мартта каралып, депутаттардын нааразычылыгынан улам күн тартибинен алып салынган болчу. Андан соң ар бир фракциядан бирден мүчө кирип, жумушчу топ түзүлгөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: