Сузакта 3 адамдын өмүрүн алган кырсык: Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Маалыматка ылайык, 2023-жылы 28-апрелде саат 14:50 чамасында Сузак районунун аймагында Деу-Нексия жана Мерседес-Бенц унааларынын катышуусундагы жол кырсыгы катталган. Натыйжада Деу-Нексия унаасындагы 3 жүргүнчү каза болуп, айдоочу ооруканага жаткырылган.
"Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБинин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.
Жол кырсыгына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу, Сузак районунун тургуну 1990-жылы туулган Э.Н. убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.