super.kg logo
  Саясат  

Улуттар аралык кастыкты козуткан интернет колдонуучу кармалды

 

"Facebook социалдык тармагындагы “Куба Буба” аккаунтунун ээси этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козуткандыгы үчүн кармалды" деп билдирет УКМКнын маалымат кызматы.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу" боюнча “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Куба Буба” аккаунтунун ээси 1974-жылы туулган Баткен облусунун тургуну Асанов Кубанычбек Ташбалтаевич кармалды.

Ал Чүй облусунун Москва районунда кармалгандыгы жана "Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун активдүү колдоочусу экендиги айтылат.

"К.Асанов системалуу негизде социалдык тармактар аркылуу "Куба Буба" аккаунттары аркылуу жарандарды зордук-зомбулукка жана мыйзамсыз аракеттерге үндөгөн материалдарды жайылтуу менен алектенгени аныкталган.

Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, К.Асановдун билдирүүлөрүндө улуттар аралык кастыктын белгилери, ошондой эле улутуна карата кастык мамиле бар", – деп айтылат маалыматта.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

УКМК жарандарды ар кандай антиконституциялык чагымдарга, социалдык тармактарда жек көрүүчүлүктү козутууга жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган чакырыктарга алдырбоого чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: